Общественный благотворительный фонд

Коомдук кайрымдуулук фонду

11-04-2023, 11:55

Жаңылыктар

 
Табияттын түркүн өңгө боелгон кооздугун көрүп суктануу кандай керемет…
Бирок арабызда мына ушул кооздукту көрө албай, мунарык дүйнөдө жашаган адамдар бар. Алар ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү мектелген жарандар (ДМЧА) экени баарыбызга маалым,
"Бири кем дүйнө" демекчи, кээ бир адамга жараткан талант бергени менен тагдырын тайкы кылса, кээсине байлык бергени менен жан-дүйнөсүн сокур кылып коет тура.
Ушул багытта мүмкүнчүлүгү чектелген "Үмүт Шамы" кайрымдуулук коомдук фондубуз 2011-жылдан бери иш алып барып келе жатат. "Оорунун кадырын, оорулуу жан билет" дегендей бул коомдук кайрымдуулук фондубуз ачылып жатканда  "Биз көргөн турмушту башка балдар көрбөсө экен, алар жашоодо эл катары жакшы тилек, үмүт менен жашаса экен, алардын укугу ар тараптан тебеленбесе экен!"  деген максатта түзүлгөн. Кайрымдуулук фондубузга быйыл 12 (он эки) жыл толду.