Байкоочу кеңеш
1.1. Байкоочу кеңеш Фонддун ишине, анын башкаруу органдары тарабынан чечимдердин кабыл алынышына жана алардын аткарылышын камсыз кылууга, Фонддун каражаттарынын пайдаланылышына, фонд тарабынан мыйзамдардын жана уставдын сакталышына көзөмөл жүргүзөт.1.2. Фонддун Байкоочу кеңеши өз ишин коомдук башталышта жүргүзөт.
1.3. Байкоочу кеңештин өзгөчө компетенциясы;
- фонддун ишин көзөмөлдөө жана ишинин багыттарын жана саясатын аныктоо;
- Фонддун каражаттарынын пайдалууну көзөмөлдөө;
- фонддун кызмат адамдарына эмгек акы төлөө шарттарын аныктоо;
- фонддун кызмат адамдарын мүлктүк жоопкерчиликке тартуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
- кызыкчылыктардын кагылышы болжолдонгон бүтүмдөрдү бекитүү;
- фонддун финансылык планын, ошондой эле Фонддун Президенти тарабынан даярдалган фонддун иши жөнүндө жылдык отчетту бекитүү;
- жылдык отчетту жана жылдык бухгалтердик балансты бекитүү;
- фонддун коммерциялык уюмдарга жана коммерциялык иштерге катышуусу же катышуусун токтотуу жөнүндө Президенттин чечимдерин бекитүү;
- Фонддун башка уюмдарга катышуусу.
3.4. Байкоочу кеңештин мүчөлөрүн дайындоо жана чакыртып алуу курамында 3 (үч) мүчө болгон уюштуруучунун чечими боюнча жүргүзүлөт. Бул курамга кыйла сезилерлик салым кошкон, анын ичинде Фонддун ишине материалдык (мүлктүк) салым кошкон жана Фонддун уставдык максаттарына жетүүгө жана милдеттерин чечүүгө көмөк көрсөткөн ар кандай адамдар кириши мүмкүн. Ошондой эле ар кандай өкмөттүк эмес мекемелердин жана уюмдардын, анын ичинде эл аралык уюмдардын өкүлдөрү болуп саналган, фондго анын уставдык максаттарын жүзөгө ашырууда олуттуу жардам көрсөткөн адамдар кириши мүмкүн. Байкоочу кеңештин курамына Фонддун Президенти кире албайт.
3.5. Байкоочу кеңештин мүчөсү Фонддун Байкоочу кеңешинин ишине катышууга жөндөмсүздүгү же Фонддун кызыкчылыктарына ар кандай формада олуттуу зыян келтирген учурда, Уюштуруучунун, Фонддун Байкоочу кеңешинин башка мүчөлөрүнүн талабы боюнча же өзүнүн демилгеси боюнча Фонддун Байкоочу кеңешининБайкоочу Кеңешинен чакыртылып алынган.
3.6. Байкоочу кеңештин жыйындары зарылдыгына жараша, бирок кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Байкоочу кеңештин шайланган мүчөлөрүнүн санынын жарымынан көбүнүн катышуусу кворум болуп саналат. Чечимдер 2/3 добуш менен кабыл алынат.
3.7. Байкоочу кеңешти Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн ачык добуш берүүсү менен үч жылдык мөөнөткө шайлануучу төрага жетектейт.